“3D” үй басылып чыгарылды

8-Фев. 2018, Бейшемби, 13:31

Американын “WATG Urban” компаниясы жер бетиндеги алгачкы “3D” үйдү басып чыгарды. Бул үйлөр алдынкы убакытта азыркы заман талабына жараша басылат, бирок арзан баадагы жабдыктар менен үйдү эркин формада салууну ойлоштуруп жатышат.


Инновациялык технологияны колдонуу арыклуу адистер кураштыруучулардын кыялындагы архитектуралык үйлөрдү салууга да мүмкүндүк алып жатат. Үч өлчөмдүү үйдү басып чыгарган стартап үй курулуш материалдарын үнөмдөө жагынан утут жатат.

Мисалы, дубалы цемент, пластик жана гипс сяктуу курулуш материалдарын басып чыгарып, алардын тыгыздыгын эсептеп үйдү каалаган формада жасап чыга аласыз. Бул үйлөр сиз ойлогондой үлгү үчүн же кызык үчүн салынбайт, кадимки тургун үй болот. Өнүккөн технологиянын аркасында гипстелген пенопласт үйдүн өртөнүп кетүүдөн сактоочу күчкө ээ болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!