Супер ылдамдыкта жүргөн поезд –мейманкана

22-Фев. 2018, Бейшемби, 10:21

Америкалык архитектор Брэндон Зибрехт “Hyperloop Hotel” деп аталаган вакуумдуу мейманканалар долбоорун сунуштоодо. Бул ой инновациялык идеялар конкурсунун жеңүүчүсү деп таанылды.

Мындай поезд-мейманкана ыңгайлуу бөлмөдөн чыкпай саякатоого мүмкүндүк берет. Анын ылдамдыгы интенсивдүү болгондуктан, бир күндө бирден бир нече шаарга саякат жасоого болот. Идея концепциясына окшош, мейманкана бөлмөлөрү вакуумды поезд формасында жасалды.

Система Вашингтон, Бостон, Нью-Йорк, Чикаго, Лос-Анджелес, Сан-Франциско, Лас-Вегас, Сиэтл, Портленд, Денвер, Санта-Фе, Нэшвилл жана Остин сыяктуу АКШнын 13 ири шаарларын камтыйт.

Мейманкана апартаменттери жүк контейнерлеринин негизинде салынат. Алардын ар биринде конок, уктоочу жуунучу бөлмөлөр менен жумуш кабитнети болот. Интерьерди коноктун каалоосуна байланыштуу өзгөртүп турууга болот. Жаш архитектор алдыңкы 5-10 жылда бул типтеги мейманканаларды кенен колдонууга ээ болорун айтат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!