Бир күндө куралган үй

28-Фев. 2018, Шаршемби, 16:43

Голландиялык “Fiction Factory” компаниясы калың картон кагаздарынан куралган чакан үйлөрүн сунушташууда. Мындай үйдү 24 саатта салууга болот жана ал чама менен 100 жыл турат. Инновациянын баасы 30 миң евро. Азыркы убакта үйлөр Европанын кээ бир бөлүктөрүндө гана сатылат жана кезек күткөндөр да бар. Бул тууралуу “Daily Mail” маалымат буулагы билдирет.

Голландиялыктардын сөзү менен “Wikkelhouse” «катмар үй» деп которулат. Өзгөчө үйдү куруу чындыгында кардон кагаздарын 24 кабат кылып биринин үстүнө бирин ороп чыгышат. Ар бир үй өзүнчө жеке жобо, себеби алар ар кайсынысынын өлчөмү бир аз айырмаланып турат.

Ар бир үй 500 кг болгон кардон кагаздарынын беш-алты модулу жыйналып, алар экологиялык таза клей менен жабыштырылат. Кардар керектүү өлчөмдөгү үйдү өзү тандайт. Ошондой эле, “Wikkelhouse” үчүн терең фундаменттин кереги жок.

Үйдүн жалпы салмагы болгону 3 тонна болот. Үйдүн сырты жана ичи суу кирбеген пленка менен капталган. Бул аба ырайынын күтүүсүз жагдайларына үйдүн интерьерин жана экстерьерин коргоого жардам берет.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!