Жарнак такталарга каршы күрөш уланууда

28-Март 2018, Шаршемби, 13:38

Бишкек шаарында жарнак такталарын муниципалдык территорияларга эч кандай тастыктоочу документи жок жана өз билемдик менен орнотуп алгандарга карата "Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында рейд болуп өттү.

Аталган рейдге Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы менен бирге ИИМдин Жол коопсуздук кызматы, БишкекБашкыАрхитектура, Жер ресурстарын башкаруу жана Тазалык муниципалдык ишканасы катышты. Мэриядан кабарлагандай, Шабдан баатыр жана Огонбаев көчөлөрүнөн баштап түштүк тарапка чейин текшерилип, жыйынтыгында 82 мыйзамсыз орнотулган жарнак такта алынып салынды

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!