Депутат менен төраганын суроо-жообу

28-Март 2018, Шаршемби, 14:15

Жогорку Кеӊеш жыйынында депутат Рыскелди Момбеков «Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө» мыйзамдын долбоору каралып жатканда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиевге «Кыргызтелеком» компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Марат Каратаев беш ачык акционердик коомдун, Улуттук энергохолдингдин төрагасынын орун басары Нурлан Садыков эки директорлор кеӊешинин курамына кирет экен, эмне, алардан башка кадрларыӊар жокпу? Алар ошол ишканалардан да маяна ала турганы далилденсе, сиз кызматыӊыздан отставкага кетүүгө даярсызбы?», - деп сурады.

Аталган фондунун төрагасы отставкага кетүүгө даяр экенин билдирди.

«Марат Каратаев «Кыргызтелеком» компаниясынын башкармалыгынын төрагасы, Нурлан Садыков Улуттук энергохолдингдин төрагасынын орун басары болуп иштейт, башка жерден маяна алышпайт. Алар Коопсуздук кеӊешинин чечими менен жиберилген. Апрель айында ачык акционердик коомдордун жалпы чогулушу болуп, Марат Каратаев директорлор кеӊештеринин курамынан чыгарылат», - деди Түлөбердиев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!