Депутаттар жаратылыш коруктарына кабатыр

28-Март 2018, Шаршемби, 15:30

Жогорку Кеңеште жаратылыш коруктарын ар кандай терс таасирлерден коргоого багытталган “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдагандай, бул демилгени депутаттар тобу көтөргөн.

Эл өкүлү Мирлан Бакировдун айтканына караганда, өлкөнүн табигый беренелерин натыйжалуу пайдалануу максатында, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын чек тилкелериндеги жерлерди жергиликтүү калктын мал жайыты катары пайдалануусуна, андагы дарылык касиети бар чөптөр менен мөмө-жемиштерди терип алууга мүмкүнчүлүк берүү зарыл. «Бирок, мындай аракеттердин баары катуу көзөмөлдө болушу абзел. Коруктардын өзөк тилкелеринин аянтынын катышын белгилөө ишине окумуштууларды тартуу керек», - деди ал.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токтой чарба агенттигинин маалыматына караганда, мыйзамга ылайык корук аймагынын өзөк тилкеси жалпы аянттын 75 пайыздан кем эмес бөлүгүн түзүүгө тийиш, бирок айрым коруктардын өзөк жерлеринин чек тилкелериндеги жерлер жаратылыш шартын эске албай эле, мыйзамда белгиленген өлчөмгө жеткиребиз деген ниетте атайылап көбөйтүлгөн. Ошондон улам, жергиликтүү калк арасында нааразычылыктар жаралууда.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 10 мамлекеттик жаратылыш коругу жана 12 жаратылыш паркы бар. Кыргыз жаӊгагынын мекени болгон «Дашман» коругу 2012-жылы түзүлгөн. Анын жалпы аянты – 7958 гектарды түзөт.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!