Кытай Кыргызстандан карызын доолай баштады

28-Март 2018, Шаршемби, 16:15

Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Сяо Цинхуа кыргыз өлкөсүнүн Кытайга болгон карызын эскертип билдирүү жасаганын “Марал радиосу” кабарлады. Анда кыргыз тарап алган карыздардан пайда көрүп жатканын жүйө келтирип, андыктан насыяны кечүү маселеси карала турбаганын айтты.

Белгилей кетчү жагдай, Кыргызстан Кытай өлкөсүнө 1 млрд 711 млн доллар карыз.

Буга чейин Тажикстан Кытай мамлекетинен алган карызын төлөй албаганынан улам, гектарлаган жерлеринен айрылып жатканын бир катар ЖМКлар жазып чыгышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!