Жазуучу Кемел Бакашов дүйнөдөн кайтты

28-Март 2018, Шаршемби, 17:29

Кыргыз маданияты менен адабияты оор жоготууга учурады. 2018-жылы 28- мартта 82 жаш курагында белгилүү акын жана журналист, Кыргызстан улуттук жазуучулар жана журналисттер союзунун мүчөсү, эл агартуунун мыктысы Кемел Бакашов дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Кемел Бакашов 1936-жылы 24-июлда Ак-Суу районунун Ак-Булуң айылында туулган. Каракол шаарындагы Педагогикалык институтун бүткөндөн кийин Ыбырай Туманов атындагы мектепте өмүр бою мугалимдик кесипте эмгектенген. К.Бакашовдун калемине таандык “Ата Журт жана махабат” (2007), “Он сегиз жаш” (2010), “Күү залкары Ыбырай Туман уулу” (2011), “Өмүр изи” (2016) аттуу китептери кыргыз журтчулугуна кеӊири белгилүү. Ырлары орус, якут тилдерине которулган.

Ал ырларында туулган жеринин керемет жаратылышын даңктаган, адамдардын ички дүйнөсүн билгичтик менен ачып берген. Туулган жер, өмүр, махабат, жаратылыш темаларына арналган ырларына жүздөгөн обондор чыгарылып, бүгүнкү күндө да эл арасында ырдалып жүрөт.

Мындан жарым кылымдан мурда (1966) сүйүүнүн, жаштыктын гимнине айланган “Он сегиз жаш” деген ыры бүгүнкү күндө да эл арасында ырдалып жүрөт. Ал эми “Кыргыз жери” аттуу ырын атактуу ырчы Болот Миңжылкиев Италиянын “Ла-Скала” театрында ырдап чыккан. Башкалардан айырмаланып ал мансапка, атак-даңкка, наамдарга, байлыкка кызыкпаган, кыргыз турмушунун табиятына арналган ырларындай сыртынан сыпаа, жөнөкөй, бирок ички дүйнөсү кенен таланттуу инсан эле.

Кыргыз поэзиясында өзүнүн татыктуу орду бар, адабияттын алтын казынасына баа жеткис салымын кошкон элеттик таланттуу акын, агартуучу, журналист Кемел Бакашовдун элеси түбөлүккө сакталып кала бермекчи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!