Төрт миңге жакын жарык бергич орнотулат

28-Март 2018, Шаршемби, 18:28

“Бишкек свет” муниципалдык ишканасынын маалыматына караганда, борбордук көчөлөрдү жана кичирайондорду жарыктандыруу жана модернизациялоо иштери жүрүп жатат.

Ишкананын кызматкерлери ушул жылдын биринчи жарымында 4 миң жарык бергич орнотууну пландап жатат. Азыркы учурда 174 көчөнүн 22 көчөсүн жарыктандыруу иштери аягына чыкты. Ал эми экинчи жылдын жарымында 3 миң даана жарык бергич орнотулат. Ошондой эле Садырбаев көчөсүнүн Масалиев көчөсүнөн Семетейге чейинки аралыкта тышкы жарык берүү түйүндөрүн куруу жана орнотуу иштери аяктайт.

Азыркы күндө 2018-жылга карата бирдиктүү пландаштыруу жана өндүрүштүк программасы боюнча : Дубосековская, Адырская, Набережная, Дзержинский, Сары-Челек, Койбагаров, Бакаев(мурунку Чапаев), Некрасов, Фрунзе, Псков/Поваринский, Жайыл Баатыр, Чортеков, Рязанский, Куликовский, Буденый, Салиев, Рабочая көчөлөрүнө жана “Ак-Өргө” конушундагы жолго 944 светодиоддук жарык бергичтерди орнотуу иштери аягына чыкты.

Буга улай, №6 кичирайондо, Лев Толстой, Тыналиев жана Осмонкул көчөлөрүнө жарык бергичтерди орнотуу иштери уланууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!