Исаковду ферганалыктар шаң менен тосуп алды (фото)

29-Март 2018, Бейшемби, 14:33

Бүгүн, 29-мартта премьер-министр Сапар Исаков Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш облус жетекчилеринин алгачкы кеңешине катышуу үчүн Фергана шаарына келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

«Достук-автожол» көзөмөл-өткөрүү пункттунда Өкмөт башчыны Андижан облусунун губернатору Шухратбек Абдурахмонов тосуп алды.

Премьер-министр Сапар Исаков Кеңештин жыйынына катышуу алкагында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен тар курамда жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптык өз ара аракеттешүүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле эки өлкө ортосундагы чек-ара кызматташтыгын мындан ары дагы өнүктүрүү боюнча перспективалар талкууланды.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!