Каргашалуу окуя кыргызстандыктарды тынчсыздандырды​

29-Март 2018, Бейшемби, 18:00

Россиянын Кемерово шаарындагы 4 кабаттуу “Зимняя Вишня” деп аталган оюн-зоок соода борборунда жекшемби күнү өрт чыгып, расмий маалыматтар боюнча 64 адамдын өмүрүн жалмаган, каза тапкандардын 41и жаш балдар. Ошондой эле аталган соода борбордун жогорку кабатында кинотеатр жана аттракциондору менен балдар ойноочу аянттар болгон.

Тилсиз жоодон курман болгон 10дон ашуун адамдын сөөгү жерге берилди. Өзгөчө кырдаалдар министри Владимир Пучков 37 сөөктү дагы кошумча экспертизадан өткөрүү зарылдыгын билдирди. Ошондой эле аталган соода борборунун башкы директору Надежда Судденокту 2 айга, андан тышкары дагы 4 адам камакка алынды. Аларга соода борбордо коопсуздук каралган эмес, кырсыктын алдын алуу боюнча талаптары аткарылбаган, өрт чыкканда күзөт кызматкерлери элди эшикке чыгарууну уюштура алышкан эмес деген күнөөлөр коюлууда.

Россиядагы 64 адамдын өмүрүн алган каргашалуу окуя Кыргызстандыктарды тынчсыздандырды

Кемероводогу каргашалуу окуя Кыргызстандыктарды тынчсыздандырбай койгон жок. Анткени, социалдык тармактарда 31-мартта соода борборлоруна барбоого үгүттөгөн билдирүүлөр тарады. Мындай билдирүү Кемерово окуясынан улам келип чыкканы белгилүү. Себеп, соцтармакта тараган чакырыкта соода борборлордун ээлери өрттүн алдын алуу, өрт коопсуздугуна кандай көңүл бурула турганы тууралуу машыгууларды өткөрүүлөрү зарыл экендиги айтылууда. Ошондой эле анда борборго келгендерге имараттын ичиндеги эвакуация пландары түшүндүрүлүшү керектиги белгиленген.

Бул маселеге өкмөт башчы Сапар Исаков кечээ, 28-мартта жазгы талаачылык иштеринин жүрүшү боюнча облус жана район жетекчилеринин катышууусунда селектордук кеңешмеде токтолуп, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга Өкмөттүн региондордогу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен бирге соода-көңүл ачуучу борборлордо, башка коомдук жана элдердин жыш топтолгон жерлеринде өрт коопсуздугунун сакталышын текшерип чыгуу тапшырды.

Ошондой эле ӨКМ өрт коопсуздугу боюнча окууларды жүргүзүп, калк арасында жеринен түшүндүрүү иш чараларын күчтөндүрүү тапшырмасын берди.

Ал эми Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев Ош базарында бир айдын ичинде эки ирээт чыккан өрттү эске салып, ал ушул күнгө чейин өрттү ким чыгаргандыгы белгисиз экенин айтып, бул боюнча тез арада жыйынтык чыгаруу керектигин белгиледи.

“Өрт өчүрүүчүлөр комиссия түзүп, жыйынтык чыгарышы керек. Кемероводогу өрт кырсыгынан сабак алып, соода борборлорун текшерүү зарыл”, - дейт Жолдошбаев.

Ушул эле маселени КСДП фракциясынан депутат Элвира Сурабалдиева Бишкек шаарындагы соода борборлорунун өрт коопсуздугун көзөмөлдөөнү күчөтүү керектигин айтып чыккан эле.

Бишкектеги соода борборлорун плансыз текшерүү аракети көрүлүүдө

Жогоруда айтылып жаткан маселелер боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Өрт көзөмөл башкармалыгынын башчысы Таалайбек Өмүрзаковдун жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине билдирген маалыматтына ылайык, Кемерово шаарындагы өрттөн улам Экономика министрлигине кат жиберилип, Бишкектеги соода борборлорду плансыз текшерүү аракети көрүлүп жатат.

“Өрт коопсуздугу боюнча субъектилердин бардык түрүнө Экономика министрлигинин жана Экотехинспекциясынын макулдугу менен текшерүү жүргүзөт. Текшерүү пландуу жана плансыз түрүндө жүргүзүлөт. Эгер соода жайдын өрт коопсуздугун карап чыгып, мүчүлүштүктөр болсо субъектиге ээлик кылган тарапка же жетекчилигине бир айдын ичинде мүчүлүштүктү жоюу талабы коюлат. Эгер талап аткарылбаса, анда 1 миң сомдон 50 миң сомго чейин айып салынат", - деп билдирген Өмүрзаков.

Ошондой эле анын айтымында, өлкө аймагында жалпы 150гө жакын базар жана 50дөй ири соода борбор бар. 50дөй соода борбордун 20 чактысы Бишкекте жайгашкан. Бирок, жаңыдан курулган соода борборлор 3 жыл текшерүүгө эч кимдин укугу жок. Бир гана арыз берилсе, ал жай текшерүүгө сөзсүз алынат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!