Ошто жаңы көпүрө ачылды

30-Март 2018, Жума, 09:21

29-мартта Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын үстүнө салынган көпүрөнүн ачылыш аземи болуп өттү. Ага өкмөт башчы Сапар Исаков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, жергиликтүү тургундар жана меймандар катышты.

Премьер-министр жаңы курулган өзгөчө көпүрөдө шаардык жана эл аралык маанидеги ар түрдүү коомдук иш чаралар өтүп тураанына ишенерин билдирди. Аны менен бирге аталган көрсөтмө аянт уникалдуу болуп эсептелинет жана Борбор Азияда аналогуна ээ эместигин баса белгилеп өттү. Уюштурулган иш-чаранын жүрүшүндө келген меймандар жана шаардык тургундар үчүн белгилүү эстрада жылдыздардын, бийчилердин жана комузчулардын коштоосунда концерттик программа тартууланды.

Эске сала кетсек көпүрөнүн курулушуна 16.4 млн сом сарпталган. Анын узундугу 60, туурасы 40 метрди түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!