Чынар Капарова соттон утуп алды

31-Март 2018, Ишемби, 10:30

Белгилүү теле алып баруучу, журналист Чынар Капарова КТРК башчысы Илим Карыпбековду Жогорку Соттон утуп алды. Жогорку Соттун маалымат кызматынан бүгүн билдиришкенге караганда, эки жылдан бери соттон-сотко өтүп келген ишке акыры чекит коюлду.

2016-жылдын 12-августунда Коомдук каналдын директору Илим Карыпбеков алып баруучуну “Эл акыны Сүйүнбай Эралиевди “Эл баатыры” деп туура эмес наам менен атаган» деген негизде иштен алган. Чындыгында Сүйүнбай Эралиев Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын 2006-жылы эле алган. Алып баруучу бул айтылган сөз улуу инсандын аброюна шек келтирбесин, эгер ошондой болгон чакта деле бул үчүн эскертүү же сөгүш берүү туура болмок деген жүйө менен Эмгек кодексине таянып, Илим Карыпбеводу сотко берген.

Эки жылдан бери бул иш Жогорку Сотко чейин жетип, кайра шаардык сотко кайтарылып, акыры быйыл 26-мартта Жогорку Сот Чынара Капарованын пайдасына чечим чыгарды. Ага ылайык, Илим Карыпбеков алып баруучуну кайра мурдагы ордуна кызматка алып, эки жылдан берки айлык маянасы менен бирге моралдык-материалдык чыгымдарын төлөп берүүгө тийиш.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!