Депутаттар ишембиликке чыгышты (фото)

31-Март 2018, Ишемби, 15:06

Бүгүн, 31-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары, аппараттын жана Иш башкармалыктын кызматкерлери борбор калаанын түштүк магистралында уюштурулган ишембиликке катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чаранын жүрүшүндө жол жээгине липанын жана чынар теректин көчөтүн олтургузушту. Ар бир тигилген көчөткө өзгөчө камкоордук кылуу керектигин айткан Төрага Дастанбек Жумабеков, алар өсүп чыкса көчө жээктери кооздукка чулганарын билдирди.

"Биз калаабыздын көркүнө-көрк кошуп, экологияны таза сактоого аракет кылуубуз абзел. Акыркы жылдары өлкөбүзгө түрдүү дарактардын көчөттөрү алып келинүүдө. Андыктан, борбор калаанын гана эмес, башка шаарлардын да абалына көӊүл буруубуз зарыл. Ысык-Көлдөгү иш сапарымда да бул маселеге токтолуп, Балыкчы шаарын көрктөндүрүү боюнча жергиликтүү жетекчилик менен сүйлөштүк. Алар шаарга кандай дарактарды өстүрө тургандыктары тууралуу ойлору менен бөлүштү. Мындай иштер башка шаарларда да колго алынганын билем. Бирок, аларды олтургузуп коюу менен гана чектелбей, эмгектенип жакшы кароо да керек. Бүгүн парламент кызматкерлери тарабынан олтургузулган ар бир көчөт келечекте калаа тургундарына жана шаар конокторуна кубаныч тартуулайт деп ишенем", - деди Төрага Дастанбек Жумабеков.

Бишкек мэриясы маалымдагандай, түштүк магистралына эле 217 көчөт отургузулмакчы.







Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!