Жээнбеков Египеттин президентин куттуктады

4-Апр. 2018, Шаршемби, 10:37

Президент Сооронбай Жээнбеков Абдель Фаттах Ас-Сисиге анын Египет Араб Республикасынын президенти болуп кайрадан шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде президенттик аппараттан кабарлашты.

«Сиздин Египет Араб Республикасынын президенти кызматына кайра шайланышыңызга байланыштуу менин чын жүрөктөн чыккан куттуктоомду кабыл алып коюңуз.

Сиздин кайрадан шайланышыңыз Сиз жүргүзүп жаткан мамлекетти жана коомду ар тараптан өнүктүрүү багытына элдин ишениминин жогорку деңгээлин ырастап турат. Сиздин жетекчилигиңиз менен Египет Араб Республикасы чоң ийгиликтерге жетишет деп ишенем.

Сизге, бекем ден-соолук, бакубатчылык жана ийгиликтерди, ал эми биз менен дос Египет элине – тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү каалайм!», - деп айтылат куттуктоодо.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!