Революцияны эскерүүгө арналган иш-чара өттү

4-Апр. 2018, Шаршемби, 17:38

Бүгүн, 4-апрелде премьер-министр Сапар Исаков Апрель революциясынын 8 жылдыгын эскерүүгө арналган иш-чарага катышкандыгын өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Иш-чара көркөм фильм, театралдык көргөзүү жана 2010-жылдагы апрель окуяларында шейит кеткендерди эскерүү үчүн бир мүнөттүк үн басуу менен башталды.

Өз сөзүндө Өкмөт башчы Апрель революциясынын заманбап тарыхындагы ордун айтып жатып, акыркы жылдары ошол окуялардан кийин Кыргызстанда бир катар жагымдуу өзгөрүүлөр болгондугун белгилеп кетти.

«Биз жетишилген жыйынтыктар менен токтоп калбайбыз жана өлкөбүздүн мындан ары өнүгүшүнө бардык аракеттерди жумшайбыз. 2010-жылдагы апрель окуялардын сабагын эч качан унутпашыбыз керек», – деп белгиледи Исаков.

Иш-чарага Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастан Жумабеков, Президенттик Аппараттын жетекчиси Мухамметкалый Абылгазиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, 2010-жылдын апрель окуяларында курман болгондор, жабыр тарткандар жана катышкандардын туугандарынын жана жакындарынын коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү катышышты.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!