​Бекболиев: Анжелика менен ажырашкым келбейт

4-Апр. 2018, Шаршемби, 23:02

Ырчы Анжелика Бекболиеванын жолдошу Урмат Бекболиев Govori.TV. сайтына өзүнүн ажырашуусу тууралуу пикирин билдирген.

“Биз экөөбүз тең сотто болгон жокпуз, биздин жактоочуларыбыз катышты. Соттун чечими бир айдан кийин гана күчүнө кирет. Мен ага чейин ишти кайра карап чыгууну өтүнүп шаардык сотко арыз берем. Мен жубайым менен ажырашкым келбейт жана үй-бүлөмдү сактап калсам дейм”,-деген Урмат Бекболиев.

Эске сала кетсек, Анжелика кечээ, 2-апрелде мыйзамды ажыраштык деп Инстаграм баракчасына жазып чыккан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!