Бекешев: «Транспорттук инспекцияны жоюу керек»

5-Апр. 2018, Бейшемби, 12:04

Бугүн, 5-апрелде Жогорку Кеӊеш жыйынында депутат Дастан Бекешев Транспорт жана жол министрлигине караштуу Транспорттук инспекциясын жоюп салуу керектигин билдирип чыкты.

Анын айтымында, аталган инспекциянын иш-милдетин талдаса, башка бир катар мамлекеттик органдардын иш-милдетин кайталайт экен.

«Жаккында эле иш таштоого чыккан микроавтобус каттамдарынын айдоочуларын бир четинен түшүнсө болот. Инспекциянын кызматкерлери алардан бекер акча алуунун кынуусун алып калышыптыр, ошондуктан аны жоюу зарыл»,- дейт ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!