Кыргызстан ИӨБ менен кызматташууга маани берет

6-Апр. 2018, Жума, 10:51

Вице-премьер-министр Санжар Муканбетов 2-5 апрелде Тунис шаарында ар жыл сайын өткөн Ислам өнүктүрүү банкынын Тобунун 43-жолугушуусунун ишине катышты.

Аталган иш-чаранын алкагында вице-премьер-министр Араб Координациялык Тобунун делагациялары-мүчөлөрү менен бир катар эки тараптуу жолугушууларда болду, анын ичинде ИӨБдүн Президенти Бандар Хаджар менен жолукту.

Анда Муканбетов Кыргызстан Ислам өнүктүрүү банк менен кызматташууга өзгөчө маани берерин белгиледи.

«Банк менен биргеликте ишке ашырылып жаткан долбоорлор биздин өлкөдөгү инфраструктураны өнүктүрүүгө жана калктын жашоо шартынын сапатын жакшыртууга сезилерлик салым кошууда», – деп белгиледи Муканбетов.

Андан тышкары ал ИӨБ жана Араб Координациялык топтун башка мүчөлөрү менен мындан аркы жигердүү кызматташууга кызыктар экендигине ишендирди.

Ошондой эле вице-премьер-министр атамекендик экономиканын келечектүү секторлору тууралуу кененирээк маалымат берип, ИӨБдүн Кыргызстандагы ишинин мындан ары кеңейүүсү биргелешкен кызматташтыкка, ишке ашып жаткан долбоорлордун сапатына жана тездигине жагымдуу таасир берерин белгилеп кетти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!