​Жээнбеков Түркияга жана Бельгияга иш сапар менен барат

6-Апр. 2018, Жума, 13:15

Президент Сооронбай Жээнбеков 9-10-апрель күндөрү расмий сапары менен Түркияга барат. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, иш сапардын алкагында эки тараптуу кызматташууларды бекемдөө боюнча сөз болот.

«Түркия Кыргызстан үчүн жакын дос жана ишенимдүү өнөктөш»,- деди Сыдыков.

«Ошондой эле мамлекет башчысы 11-12-апрель күндөрү расмий сапары менен Бельгияга барат»,- деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков Түркияга жасаган иш сапарынын алкагында түрк кесиптеши Режеп Тайип Эрдоган, өкмөт башчы Бинали Йылдырым жана парламенттин спикери Исмаил Кахраман менен тар чөйрөдө жолугат.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!