"Ак илбирске" талапкерлер такталды (тизме)

6-Апр. 2018, Жума, 22:17

Бишкекте өтүүчү “Ак илбирс” улуттук киносыйлыгына талапкерлердин тизмеси аныкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, калыстар тобу тасмаларды 12 наам боюнча бөлүп чыгышкан. Ал эми жеңүүчүлөр 27-апрель күнү “Манас” кинотеатрында белгилүү болмокчу.

"Мыкты фильм"

"Апамды издеп" - режиссёру Руслан Акун;

"Кентавр" - режиссёру Актан Арым Кубат;

"Саякбай" - режиссёру Эрнест Абдыжапаров.

"Мыкты режиссёрлук иш"

"Апамды издеп" - Руслан Акун;

"Кентавр" - Актан Арым Кубат;

"Саякбай" - Эрнест Абдыжапаров.

"Мыкты сценарий"

"Апамды издеп" - Бакыт Осмонканов, Жеңиш Майрамбек уулу;

"Кентавр" - Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров;

"Саякбай" - Эрнест Абдыжапаров.

"Мыкты оператордук иш"

"Апамды издеп" - Жантай Кыдыралиев;

"Кентавр" - Хасан Кыдыралиев;

"Саякбай" - Хасан Кыдыралиев.

"Мыкты сүрөтчү"

"Апамды издеп" - Максат Болотбек;

"Кентавр" - Адис Сейталиев;

"Саякбай" - Төлгөбек Койчуманов.

"Мыкты композитор"

"Апамды издеп" - Эрмек Керимбаев;

"Махабат" - Райхан Бейшеналиев;

"Саякбай" - Муратбек Бегалиев.

"Мыкты үн режиссёр"

"Апамды издеп" - К.Кузнецов, Д.Шаршенов;

"Махабат" - Нуркыз Сагынбекова;

"Саякбай" - Бакыт Ниязалиев.

"Мыкты монтаж"

"Апамды издеп" - Элдияр Мадаким;

"Махабат" - Керим Өмүркожоев;

"Саякбай" - Айзада Өмүралиева.

"Эркектин мыкты ролу"

"Саякбай" - Марат Жанталиев;

"Ата" - Болот Тентимишев;

"Апамды издеп" - Азамат Уланов.

"Аялдын мыкты ролу"

"Кентавр" - Таалайкан Абазова;

"Саякбай" - Тынара Абдразаева;

"Махабат" - Шайыр Касымалиева.

"Мыкты даректүү тасма"

"Ата Бейит" - Алижан Насиров;

"Жашоо керемет" - Азамат Шаршенов;

"Оймок" - Касиет Кубанычбек кызы.

"Мыкты кыска метраждуу тасма"

"Бакыт" - Мээрим Догдурбекова;

"Жол" - Калвира Акчалова;

"Киноман" - Аскар Нуракун уулу.

“Ак Илбирс” кино сыйлык 2012-жылы Кыргызстанда уюштурулуп, өлкөнүн кинематография тармагын өнүктүрүүгө салым кошкон, бул тармакка ийгилик жараткан мыкты кинематографисттерге 16 номинация боюнча сыйлык тапшырылат.

Кино сыйлык КР кинематографисттер союзунун, “Айтыш” коомдук фондунун, КРнын Кинематографисттер департаментинин жана КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин көмөгүндө өткөрүлүп келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!