ЖК комитети Жолдубаева боюнча сунушка макул болду

10-Апр. 2018, Шейшемби, 13:48

Бүгүн, 10-апрелде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот укуктук маселелери жана регламент комитети президент Сооронбай Жээнбековдун башкы прокурор Жолдубаеваны кызматтан алуу жөнүндө сунушун карап, көпчүлүк бир добуш менен колдоду. Бул тууралуу журналистерге аталган комитеттин мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Анын айтымында, бул маселе эртең парламенттин жыйынында каралат.

Айта кетсек, бүгүн аталган комитет бул маселени жабык эшик артында караган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!