Ажылыкка сапарга баруучулар 13-апрелге чейин төлөө керек

12-Апр. 2018, Бейшемби, 09:45

2018-жылдагы ажылык сапарга баруучу жарандар төлөмдү 13-апрелге чейин жүргүзүү керек. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

2018-жылдагы ажылык сапарына барууну максат кылып, аймактык кезекке туруу үчүн 500 АКШ долларын жана 1000 сом төлөө керек. Документтерин талапка ылайык толук тапшырып, электрондук тизмеге катталат. Ажылык сапарына барууга мүмкүнчүлүк алган талапкерлер калькулацияда көрсөтүлгөн 2890 АКШ долларынан калган 2390 АКШ долларын 2018-жылдын 13-апрель күнү РСК банкынын иш убактысы бүткөнчө төлөөлөрү зарыл.

Эгерде жарандар ажылык үчүн бардык төлөмдөрдү көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирген учурда тизмеден четтетилээри эскертилди

Эске сала кетсек, быйыл Сауд Аравия Кыргыз өлкөсү үчүн 5400 квота бөлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!