Жээнбеков Алжирдин президентине көңүл айтты

12-Апр. 2018, Бейшемби, 12:13

Президент Сооронбай Жээнбеков Алжир Элдик Демократиялык Республикасынын президенти Абдель Азиз Бутефликага Алжирдин Блида провинциясында аскер учагынын кыйрашынын натыйжасында көп адам каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде президенттик аппараттан билдиришти.

“Кыргызстандын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Алжир Элдик Демократиялык Республикасынын Блида провинциясында аскер учагынын трагедиялуу кыйрашынан улам көп адам каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына чын ниеттен кайрат айтып, колдоо көрсөткөн сөздөрүмдү жеткирип коюуңузду өтүнөм”,-деп белгиленет Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Эскерте кетсек, аскердик учак Алжирдин түндүгүндөгү Боуфарик аэропортуна жакын жерге кулап түшкөн. Маалыматка ылайык, анын кесепетинен каза болгондордун саны болжолдуу түрдө 257 адамга жеткен. Учакта 247 жүргүнчү жана 10 экипаж мүчөсү болгон. Кыйраган учакта негизинен аскер кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү бар эле.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!