Иттерди коргоп акцияга чыгышты (видео)

12-Апр. 2018, Бейшемби, 14:01

Бүгүн 12-апрелде. “Иттер деле жашаганга укуктуу", "иттерди атпагыла" деген”-деген плакаттарды көтөргөн "жаныбарларды коргоо" жана “гуманный мир” фондунун өкүлдөрү Бишкек мэриясынын алдына митингге чыгышты.

Уюштуруучулар “көчөдө калган иттерди атпагыла. Аларды деле кудай жараткан”,-деп, аткандын ордуна иттер үчүн атайын баш калкалоочу жай курууну талап кылышты.

Ошондой эле Учкун кичирайонунда адам тарабынан зордукталды деген итти мисал келтирип, иттер кыйноого кабылып жатканын “Гуманный мир” фондунун өкүлү айтты.

Митингге катышуучулар өзүлөрүнүн талабы менен мэрияга кайрылган соң тарап кетишти.









Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!