Жээнбеков Алиевди шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

12-Апр. 2018, Бейшемби, 14:04

Президент Сооронбай Жээнбеков Азербайжандын президенти кызматына кайрадан шайланышына байланыштуу Ильхам Алиевге куттуктоо телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде президенттик аппараттан билдиришти.

«Сиздин Азербайжандын президенти кызматына кайрадан шайланышыңызга байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз!

Президенттик шайлоодогу Сиздин ишенимдүү жеңишиңиз Азербайжандын туруктуу жана ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган Сиз жүзөгө ашырып жаткан багытка Азербайжан эли ишенээрин көрсөттү.

Биргелешкен аракеттер менен өз ара урматтоого жана ишенимге негизделген кыргыз-азербайжан мамилелери мындан ары да чыңдалып жана тереңдей берет деп ишенем.

Жагдайдан пайдаланып, урматтуу Ильхам Гейдарович, Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигиңизге ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги азербайжан элине – тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм!», - деп айтылат президенттин куттуктоо телеграммасында.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!