Айнур Абдылдаева Юстиция министри болуп дайындалды

14-Апр. 2018, Ишемби, 11:09

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Айнур Абдылдаева Юстиция министри болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде президенттик аппараттан билдиришти.

Айта кетсек, Абдылдаева 2017-жылдын 13-июнунан бери Юстиция министрлигинин статс-катчысы кызматын аркалап келген. Аталган министрликти жетектеп келген Уран Ахметов 2-апрелде кызматтан бошотулган.

Айнур Абдылдаева өкмөттүн аппаратында 2001-жылдан бери иштейт. Мындан тышкары, президенттин аппаратында да эмгектенген. Юстиция министрлигинин статс-катчысы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!