УКМК кызматкерлерине үй курулууда

14-Апр. 2018, Ишемби, 13:15

2018-жылдын 13-апрелинде Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков жарыялаган аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Ош шаарында УКМК кызматкерлери үчүн курулуучу көп кабаттуу турак үйдүн пайдубалына капсула салынып, курулуш иштери башталды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Бул атайын иш-чарага Ош шаарынын мэри, коопсуздук органдарынын жетекчилиги, ардагерлери жана кызматкерлери катышты.

Жаңы салынып жаткан турак-жайдан ушул жылы 45 УКМК кызматкери батирлерге ээ болот. Ошондой эле бардык аймактарда турак-үйлөрдү куруу пландалып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!