Михаил Шубин:"Курулушту өз убагында бүткөрөбүз"

14-Апр. 2018, Ишемби, 14:33

«Альянс Алтын» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Михаил Шубин өзүнүн маегинде компаниянын ишмердиги тууралуу "Zaman.kg" маалымат агенттигине маалымат бөлүштү.

Ошол эле маалда Жерүйдү иштеткен компания лицензиялык келишим шарттарын катуу сактап жатат. Келишим шартка ылайык Мамлекеттик кен иштетүү, энергетика жана кен пайдалануу комитетинин шарттарын милдеттүү түрдө аткаруу каралган.

- Михаил Александрович, азыркы учурда кенде кандай иштер аткарылып жатат. Алтын алуучу фабриканын өзүнүн курулушуна качан киришесиздер?

- Компания курулушка 2017-жылы ноябрь айында киришкен, бул боюнча расмий түрдө мамлекеттик жана жергиликтүү коомчулукту кабардар кылган. Бүгүнкү күндө Жерүйдө Талас тоо-байытуучу комбинатынын (ишкана ушундай аталат) баардык комплексин ишке киргизүүгө зарыл болгон инфраструктуранын курулуш ылдамдатылган ыргакта жүрүп жатат. Дагы бир ирет баса белгилеп кетким келет Алтын алуучу фабрика бул өзүнчө турган объект эмес, ал бирдиктүү техникалык чынжырча бириктирилген имараттар менен курулмалардын бүтүндөй бир комплекси. Бул объектердин бирөөнү ишке киргизбей туруп алтын куймаларын алууга мүмкүн эмес. Аталган объектилерди куруу узактыгы ар кандай - 2 айдан 12 айга чейин созулат, ошондуктан баардык комплексти куруп бүтүрө турган убакытты аныктай турган иш графиги бар. Бирок курулуштун аяктоо убактысына даярдай баштагандан тартып 10-12 ай керектеле турган технологиялык жабдууларды жеткирүү мөөнөттөрү да таасир берет. Азыркы учурда Жерүйдө туруктуу түрдө 15 иш аткаруучу уюм жана 200гө чейинки кызматкер иштеп жатат.

- Учурда курулушту эмне токтотуп жатат?

-Биздин компания лицензиялык келишимге кол койгон кезде Кыргызстанда паралелдүү курулушту долбоорлоого уруксат берилген болчу жана Джерүйдө алтын алуучу фабриканы биз ушундай норма менен курууну пландаганбыз. 2016-жылы ноябрь айында бул нормалар алынып салынды жана деталдуу долбоорлоого, мамлекеттик органдар менен курулуш долбоорлорун макулдашууга көп убакыт кетип калды. Ошентип аны ишке ашыруу узакка созулуп кетти. Уруксат жок биздин компания курулушту жүргүзө албайт болчу.

-Лицензиялык келишимге ылайык сиздер фабриканы 2019-жылы февраль айында ишке киргизүүңүздөр керек. Үлгүрөсүздөрбү? Андай болбогон учурда компания ар бир кечиктирилген ай үчүн 100 миң доллар өлчөмүндө айып пул төлөп калат да...

-Биз мамлекет алдындагы өз милдетибизди түшүнүп турабыз жана лицензиялык келишимдин шарттарын бекем сактайбыз. Аны сактабаган учурда айып пул төлөйбүз.

-Сиздердин айтканыңыздарга караганда, компаниянын алтын алуучу фабриканын курулушун кечеңдетүүсүнө олуттуу себептер болуптур. Лицензиялык келишимдин шарттарын кайра карап чыгууга ниеттенип жатасыздарбы?

- Жок андай ниетибиз жок. Шарттарда кандай каралса- ошонунун негизинен четтебей иш алып барып жатабыз жана ошентип иштей бермекчибиз. Ошондой эле биз Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү комитети лицензиялык келишимдин ар бир аткарылышын карап жатканын түшүнүүгө тийишпиз.

- Алтын алуучу фабриканын курулушу – татаал технологиялык процесс. Эгерде ал тургай заводду куруп бүткөн болсоңуздар да аны ишке берүүгө убакыт кетет. Сиздер үлгүрөсүздөрбү?

- Биздин курулушчулар объектилерди тез ишке берүүгө аракеттенип жатышат. Биз тез арада фабриканы куруп жана 2019-жылдын февраль айында кенди кайра иштетип баштоого ниеттенип жатабыз.

- Мындай болгон учурда экономикалык көз караш менен караганда фабриканын курулуш баасы жогорулайбы?

- Эгерде биз фабриканы эрте ишке берсек анда продукцияны эрте алып тезирээк каражат табабыз. Экономикалык жактан эртерээк ишке бергенибиз пайдалуу.

- Сиз компания лицензиялык келишимдин мыйзамдарын катуу сактап жатат деп айттыңыз. Бирок ЖМК өкмөт техникалык долбоорду кечеңдетип макулдашканыңыздарга карабай айып пулду кечти деп шектенишүүдө.

- Бир нерсени ачыктап койгум келет. «Альянс Алтын» Жерүйдү иштетүүгө лицензияны 2015-жылы 28-августта алган. Лицензиялык келишимдин шарттарына ылайык, лицензия алгандан соң бир жылдан кийин тактап айтканда 2016-жылы 28-августта компания Мамлекеттик өнөр жайн, энергетика жана кен пайдалануу комитети менен техникалык долбоорду макулдашмак. Ошол эле маалда келишимдин 3.1 пунктуна ылайык, мөөнөттү бир ирет узартууга болот. Техникалык долбоорлоо боюнча мөөнөт аяктандан соң бир жолку мөөнөт узарткандан кийин шарт бузулса кенди пайдалануу токтотулмак. Компания узартуу мүмкүндүгүн пайдаланууга мажбур болду, анткени мамлекеттик органдар менен документтерди макулдашуу процедурасы узарып кетти.

Андан ары техникалык долбоор макулдашылгандан кийин үч айдан кечиктирбей биз алтын алуучу фабриканын курулушун баштоого милдетүү болчубуз.

-Алтын алуучу фабриканын курулушуна кайтып келели. Кен өз маалында ишке кириши үчүн өкмөт кандай колдоо көрсөтүүгө тийиш?

-Биз баскыч-баскычы менен долбоорлоо мыйзамын тезирээк кабыл алууну сурап жатабыз. Ошол эле маалда электр энергиясы менен камсыздоо маселеси акыры аягына чейин чечиле элек.

Кайра кайталап кетейин, кен 2019-жылы февраль айында иштей баштоого тийиш. Ага чейин компания алтын алуучу фабриканын курулушун, ички жолдорду, энергетиканы, вахта шаарчаларын, котелныйларды, ичүүчү суу жана техникалык суу үчүн суу курулмасын, складдарды, жүк түшүрүү жана жүктөөгө ылайык темир жол тупиктерин куруп бүтүшү зарыл.

Кен комбинаттагы ыкма менен алынат. Адегенде ачык казып алабыз, андан соң жер алдындагы ыкмага көчөбүз.

Калдыктарды кургак сактоо каралган. Бул абдан маанилүү, анткени бул ыкма калдык сактоочу жайлар үчүн коопсуз, бирок албетте кургак сактоо дүйнөдө эң кымбат бааланган ыкма.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!