Исаков: "Өкмөттүн “Акылдуу шаар” долбоору алдыга жылды"

Исаков:
17-Апр. 2018, Шейшемби, 11:43

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештеги оппозициялык үч фракциянын жыйынында премьер-министр Сапар Исаков өкмөттүн бир жыл ичинде аткарган иштери боюнча баяндама жасап жатып, өкмөттүн "Акылдуу шаар" долбоору боюнча депутаттарга маалымат берди.

Анын айтымына караганда, өкмөт өз күчү менен “Акылдуу шаар” долбоорун алдыга жылдырып, учурда бул долбоордун негизинде шаардын бир канча жеринде видео көзөмөл камералары сыноо үчүн иштеп жатат. Бул долбоор жакынкы аралыкта дагы алдыга өнүгө баштайт.

Айта кетсек, «Өнүгүү-Прогресс», «Ата-Мекен» жана «Республика – Ата Журт» фракциялары өкмөттүн 2017-жылы аткарган иши боюнча отчетун угууда. Жыйынга «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев жетекчилик кылууда жана өкмөттүн 2017-жылы аткарган иши боюнча отчетун угуу үчүн жогоруда аталган үч фракциядан жалпы 48 депутат жыйынга келген
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!