84 гектар жер боюнча маселеге кызыгышууда

84 гектар жер боюнча маселеге кызыгышууда
17-Апр. 2018, Шейшемби, 12:04

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештеги «Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов өкмөттүн 2017-жылы аткарган иши боюнча отчетун угуп жаткан учурда Бишкек мэриясы 84 гектар жерди арендага берип же бербегенине кызыкты.

Анын айтымына караганда, ага түшкөн маалымат боюнча 84 гектар жерди мэрия 5 жылга капиталдык курулуштарга арендага берип жиберген.

Мындан улам эл өкүлү өкмөт башчы Сапар Исаковдон бул маселени көзөмөлгө алууну өтүндү.

Айта кетсек, ЖКдагы «Өнүгүү-Прогресс», «Ата-Мекен» жана «Республика – Ата Журт» фракцияларынын депутаттары өкмөттүн был жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчетун угууда. Жыйынга «Өнүгүү-Прогресс»фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев жетекчилик кылууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!