Врачтар канча айлык алат?

Врачтар канча айлык алат?
17-Апр. 2018, Шейшемби, 13:18

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс», «Ата-Мекен» жана «Республика – Ата Журт» фракцияларынын депутаттары өкмөттүн бир жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчету угуп жатканда депутат Исхак Масалиев врачтар канча айлык маяна алаарына кызыкты.

Эл өкүлүнүн суроосуна Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев жооп кайтарды.

Анын айтымына караганда, врачтардын баштапкы айлыгы 5 миң сом, орточо айлыгы 13 миң 800 сом.

Исхак Масалиев:“Бул айлык акыга бир ай жашоого мүмкүнбү?”,- деп суроо салып, Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!