Жээнбеков Карабековго карата коюлган доосунан баш тартты

17-Апр. 2018, Шейшемби, 19:53

17-апрелде Президент Сооронбай Жээнбеков журналист Кабай Карабековго карата материалдык доосунан баш тартты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Карабеков өзү кабарлады.

Анда «Бүгүн президент тиешелүү документке кол коюп, сот аткаруучуларга жөнөттү. Ал Брюсселде иш сапарда жүргөндө сөз эркиндигин коргоого убада берген жана азыр ошону иш жүзүндө далилдеп жатат. Бул жакшы прецедент жана башкаларга үлгү», -деди Карабеков.

Муну менен катар ага өлкөдөн чыгуусуна салынган тыюу да алынып салынды.

Ушул жылы Жогорку сот Жээнбековдун Кабай Карабековдун доосун карап, Свердлов райондук жана шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган. Соттун чечимине ылайык, макаланын автору жана 24.kg маалымат агенттигинен айып пул катары 5 миллион сом төлөө милдеттендирилген.

2017-жылдын 11-сентябрда Кабай Карабековдун 24.kg сайтына жазган "Сочиге сапар. Кремлге мураскердин артыкчылыгын кайра түшүндүрүп жатышат" деген макаласы чыгып, ошол убакта президенттикке талапкер Жээнбековдун шайлоо штабы макаланы “ушак жана жалган жалаа" деп баалап, моралдык зыян катары макаланын авторунан жана 24.kg маалымат агенттигинен беш миллион сомдон өндүрүнү соттон өтүнгөн.

Свердлов райондук соту алардын доосун канаттандырган. Бирок Карабеков чечимге макул болбой Жогорку инстанцияга кайрылып, Шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Эскерте кетсек, быйыл 5-февралда президент Сооронбай Жээнбеков 24.kg маалымат агенттигине салынган айып пулду өндүрүү доосунан баш тарткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!