Кыргыз армиясы күчтүү жүз армиянын катарына кирди

19-Апр. 2018, Бейшемби, 10:53

Кыргызстандын армиясы бир жыл ичинде дүйнөлүк рейтингде 17 сапка жогорулап, күчтүү жүз армиянын ичинен 91-орунду ээледи. Бул тууралуу GLOBAL FIREPOWER аналитикалык компаниясынын расмий сайтына жарыяланды.


Анда Кыргызстандын армиясында 150 танка, 438 БТР, 159 артиллериянын бирдиги, 21 учуучу ракеталык түзүлүш, ошондой эле алты тик учакка ээ экенин маалымдалган ( экөө аскердик учак).

Алдыңкы бешиликти АКШ, Россия, Кытай, Индия жана Франция ээледи.

Ал эми Борбор Азияда Өзбекстан мамлекети 39-орун менен алдыга чыкса, Казакстан 50-орун, Түркмөнстан 80-орун, Тажикстан 96-орунду камсыздай алды.



Бул рейтингде 136 мамлекеттин курал-жарагынын, аскерлеринин, техникаларынын саны, резерви, географиялык абалы эске алды.

Эскерте кетсек, былтыр 127 өлкөнүн ичинен 108-орунду ээлеген.





Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!