Издөөдө жүргөн согушкер кармалды

Издөөдө жүргөн согушкер кармалды
20-Апр. 2018, Жума, 13:36

19-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан Сирия жана Ирак аймагындагы бандиттик түзүмдөрүнүн курамында жүргөн эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү коңшу өлкөлөрүнүн биринин жараны, 1986-жылу туулган Д.Д. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Ал 2015-жылы ЭТУ бандиттик түзүмдөрдүн катарында мыйзамсыз жүргөндүгү үчүн жакынкы өлкөлөрдүн укук коргоо органдары тарабынан издөөдө болгон. Диверсиялык-террористтик даярдыктан өтүп, Сирия өкмөттүк күчтөрүнө каршы согушка катышканы аныкталды.

Азыркы убакта кармалган Д.Д.ны тиешелүү жоопкерчиликке тартуу максатында, тартипке ылайык, өнөктөш органдарына өткөрүлүп берилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!