Жээнбеков Нобель сыйлыгынын ээси менен жолугушту

21-Апр. 2018, Ишемби, 13:01

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков түрк окумуштуу-биохимик, АКШнын Түндүк Каролина университетинин Медициналык мектебинин биохимия жана биофизика профессору, Нобель сыйлыгынын ээси Азиз Санжар менен жолугушту.

Өлкө башчысы профессор Азиз Санжар менен жылуу кабыл алып, эл аралык деңгээлдеги окумуштуунун Кыргызстанга Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жана “Манас” кыргыз-түрк университетинин окутуучулары жана студенттери менен жолугушуу үчүн келгенине абдан кубанычта экенин белгиледи.

«Сиздин келишиңиз жана студенттер менен жолугушууларыңыз биздин жаштардын илимге умтулуусуна жана жаңы ийгиликтерге жетишүүгө түрткү берет. Сиздин жалпы түрк тилдүү элдеринин өкүлү катары өзүңүздү билдиргениңиз түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө зор салым кошот. Талыкпаган эмгектин аркасы менен сиз Нобель сыйлыгына татыган дүйнөгө таанымал окумуштуу болдуңуз. Биз сизди түрк тилдүү дүйнөнүн гана эмес, бүт адамзаттын эң татыктуу өкүлү деп эсептейбиз, биз сиз менен сыймыктанабыз», - деди Президент.

Азиз Санжар Сооронбай Жээнбековго жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан түрк тилдүү элдердин өкүлдөрү тарабынан экинчи Мекени катары кабыл алынаарын белгиледи.

«Илим, билимге карата жарандарынын умтулуусун колдогон, алардын ички эркиндигин тарбиялаган өлкөнүн келечеги кең болот. Кыргызстан адамдын өнүгүүсүнө, тынчтыктын сакталышына өзгөчө көңүл бурганы мени кубандырат. Адам үчүн эркин жана билимдүү өлкөдө өнүгүү абдан маанилүү», - деп билдирди профессор Азиз Санжар.

Жолугушуунун соңунда Президент Сооронбай Жээнбеков профессорго Кыргызстандын окумуштуулары менен жемиштүү кызматташууну каалап, Кыргызстанды илим, билимди өнүктүрүүдө колдоо көрсөтөөрүнө ишенимин билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!