Тогуз-Торонун тургундары митингге чыгышты

23-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 17:14

Бүгүн Тогуз-Торо районунун тургундары Ак үйдү алдына кайрадан митингге чыгышып, Макмалдагы фабриканын өрттөлүшүнө шектүү катары кармалган 12 жаранды бошотуу талабын коюшту. “Алар камаса баарыбызды камасын. Анткени фабриканы 12 бала өрттөгөн жок, жалпы эл өрттөдү”,- дейт митингге катышуучулар.

Маалымат катары айта кетсек, 11-апрелде Макмал алтын кен комбинатынын аймагына «Джи эл Макмалдеволопинг» компаниясына таандык алтын ылгоочу фабриканы курууга каршы жергиликтүү тургундар тосмолорун бузуп, толугу менен өрттөп жиберишкен. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, 12 адам №1 тергөө абагына киргизилген. Ал күнү Өкмөттүн Мекемелер аралык комиссиясы да түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн барган.

Ал эми кытайлык инвесторлор канча чыгымга учураганы азырынча белгисиз. Бул боюнча азыркы учурда комиссия иликтеп жатат.


Фабриканын курулушуна жергиликтүүлөр бир нече ирет митинг өткөрүп, бирок Өкмөт эч кандай реакция кылбаганын айтып, жергиликтүү калк нааразы болууда.

Ошондой эле УКМК «Макмалалтын» алтын кен комбинатынын аймагына «Джи эл Макмалдеволопинг» ЖЧК алтын чыгаруу фабрикасын курууга уруксат берүүдө мыйзам бузуу фактысы аныкталып, бул факты боюнча КР МУКК тергөө органдары тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүгүнүн (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 221-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) негизинде кылмыш иши козголгон.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!