Кыргызстандыктар үч күн катары менен эс алат

24-Апр. 2018, Шейшемби, 10:45

Өкмөттүн токтомуна ылайык, беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери үчүн 28-апрель дем алыш күнү 30-апрель иш күнүнө жылдырылат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди. Мындан сырткары иш күндөрүнүн майрамга байланыштуу жылдырышына карата кыргызстандыктар 29-30-апрель жана 1-май күндөрү эс алат.

Токтом дем алыш жана майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында ушундай тартипте кабыл алынды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!