​Өмүрбекованын депутаттык ыйгарым укуктары токтотулду

24-Апр. 2018, Шейшемби, 13:53

Бүгүн, 24-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында вице-премьер-министр кызматына өткөн Алтынай Өмүрбекованын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алды.

Айта кетсек, 20-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган кыргыз өкмөтүнүн жаңы курамы бекитилген. Ага ылайык, ЖКдагы “Республика-Ата-Журт” фракциясынан депутат болгон Алтынай Өмүрбекова өлкөнүн социалдык блогун көзөмөлдөй тургандыгы белгилүү болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!