Акаев Жамшитовду түз иштөөгө чакырды

25-Апр. 2018, Шаршемби, 12:23

Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйында президент тарабынан Башкы прокурорлукка сунушталган Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлиги каралып жаткан учурда депутат Жанар Акаев талапкерге кайрылып, саясий буйруктарды аткарбай түз иштөөгө чакырды.

“Сизде мүмкүнчүлүк болуп турат, Кыргызстанды укуктуу таалага келтирсеңиз боло? Мурдагылардын бары башаламандык кылып кетти. Прокуратурага болгон элдин ишеними анча жакшы эмес. Ошондуктан элдин ишенимин сиз кайтарышыныз керек. Өзү прокуратуранын курамына кирип алып, бандиттик менен алектенип жаткандарды биз буга чейин көрүп келгенбиз. Ошондой адамдардын орду түрмөдө болушу керек. Сиз эрктүүлүгүнүздү көрсөттүшүңүз керек. Азыр бардык тараптан колдоо бар. Эгер кемчиликтер болсо биз дагы айтабыз. Ошондуктан сиз ишенимди кайтарыңыз. Кыргызстанда адилеттүүлүктүн орношуна салым кошуп, укуктук таалага кайтып келип, саясий буйруктарды аткарбай таза иштейт деп ишенем. Сизге ийгиликтерди каалайм”,- деди Акаев.

Айта кетсек, Башкы прокурорлукка сунушталып жаткан талапкер Өткүрбек Жамшитов Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында туулган. 42 жашта. Жогорку билимдүү. 1996-жылы Кыргыз улуттук университеттин юридика факультетин «юриспруденция» адистиги боюнча бүтүргөн. Ал буга чейин Жалал-Абад облусунун прокурору болуп турган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!