Индиянын ыр-күүсү жаңырган фестивалга келиңиз!

26-Апр. 2018, Бейшемби, 14:51

Кыргызстандагы Индиянын элчилиги билдиргендей, Бишкекте индия бийи жана музыкасы боюнча фестиваль өтөт.

Индия менен Кыргызстандын элдеринин ортосунда маданиятты өнүктүрүү абдан маанилүү.

Индия бийи жана музыкасы КМШнын көп өлкөлөрүндө популярдуу болгон. Анын ичинде Кыргызстан да бар. Ушул достук мамилени белгилөө үчүн Кыргызстандагы Индия элчилиги Улуттук балдар жана жаштар борбору ”Сейтек”менен бирге Индия бийи жана музыкалык фестивалын өткөрүшөт.

Бул фестивалда Кыргызстандын таланттуу чыгармачыл группалары өздөрүнүн таланттарын көрсөтүшмөкчү.

Ошондой эле Индия маданиятынын өкүлдөрү концерттик программа башталганча;

-Мехенди (денени хна менен кооздоо)

-Ранголи (кооз оймолор)

-Сари (Индиянын улуттук кийимин кийүү боюнча мастер класс)

-Көркөм кол өнөрчүлүк көргөзмөсү көрсөтүлмөкчү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!