Бир күндө 8 өрт кырсыгы катталды

28-Апр. 2018, Ишемби, 12:34

Кыргызстан боюнча бир күндүн ичинде 8 өрт кырсыгы катталды. Бул туурасында бүгүн, 28-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы билдирди.

Бишкек шаары жана Чүй облусунда экиден өрт кырсыгы катталса, Ош, Талас,Нарын жана Жалал-Абадда өрт чыккан.

“Жал кичи районундагы үйлөрдүн биринде электр зымдары күйүп,тилсиз жоого жеткирсе,Кара-Жыгачта үйдүн ичинен өрт чыккан.Ошондой эле Кызыл-Арык айылында чөп өрттөнгөн”-дейт басма сөз катчысы.

Маалыматтарга ылайык өрттөн жабыр тарткандар болгон жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!