​Эл аралык фонд Кыргызстанга 25,4 млн доллар берет

28-Апр. 2018, Ишемби, 13:02

Президент Сооронбай Жээнбеков «2017-жылдын 21-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосундагы «Рынокторго жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу» долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Аталган долбоордун алкагында фонд айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун арттыруу, кайра иштетүү өнөр жайынын потенциалын күчөтүү жана Кыргызстандын бүткүл мал чарба секторунда агроөнөржай комплексиндеги продукциянын атаандаштыкка жарактуулугун арттыруу боюнча кошумча финансылык жана техникалык колдоо көрсөтүү катары 25,4 млн доллар берет. Макулдашуунун шарттары боюнча 12,7 млн доллар – кредит, ал эми 12,7 млн доллар – грант катары берилет.

Бул долбоордун максаты - жайыт жамааттарында кирешелерди көбөйтүүгө жана экономикалык өсүшүн жогорулатууга жардам көрсөтүү.

Айта кетсек, Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 29-мартта кабыл алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!