Баткенде жер көчкү жүрдү

28-Апр. 2018, Ишемби, 13:54

Баткендеги Кыштут айыл аймагында жайгашкан Сай айылынан 1 чакырым алыстыктагы тоонун боорунан көлөмү 45 миң куб метр жер көчкү түшкөн.

ӨКМден кабарлагандай көчкүнүн кесепетинен Сай айылына келүүчү сугат суу каналынын130 метр аралыгын тоонун үстүндө жайгашкан Мегаком жана Билайн компанияларынын базалык станциясына баруучу жолдун 100 метр аралыгын, Гороту жайлоосуна баруучу 150 метр ички чарбалык жолду жана 7 гектар айдоо жерди басып калган.

Азыркы убакта жолду жер көчкүдөн тазалоо иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!