Өкмөт Көчмөндөр оюндарына кандай даярданууда?

2-Май 2018, Шаршемби, 11:13

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу масштабдуу иш чараларды өткөрүү Ысык-Көл облусунун туристтик потенциалын кеңейтүүдө жана биздин өлкөнүн дүйнөлүк аренадагы кадыр-баркын илгерилетүүдө таасирдүү аянтча болуп калаарын белгиледи.

«Кыргыз эли нечен кылымдык тарыхы бар, бай жана кайталангыс маданиятка ээ. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары биздин салт-санаабызды, спорттун улуттук түрлөрүн жана өзгөчөлөнгөн маданиятыбызды дүйнө жүзүнө дагы бир жолу даңазалап алуунун кайталангыс мүмкүнчүлүгү», – деди Абылгазиев.

Кеңешменин жүрүшүндө Премьер-министрге негизги иш-чаралардын мазмундук бөлүгүнө карата даярдыктардын жүрүшү, инфраструктура, логистика, коопсуздукту камсыздоо боюнча тийиштүү маселелердин чечилиши жана укук тартиби тууралуу маалымат берилди.

Өкмөт башчы республикада бул сыяктуу масштабдуу иш-чараларды өткөрүүдө жетиштүү тажрыйба топтолгонун белгилеп кетти.

«Биздин команда алдыга коюлган милдеттерди чечүүгө, кетирилген кемчиликтерди оңдоого жөндөмдүү. Мамлекеттин саясий турмушундагы окуялар III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү сапатына таасирин тийгизбеши керек. Ар бир мамлекеттик орган, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү оюндарды жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшашы керек. Мындан бүтүндөй өлкөнүн кадыр-баркы көз каранды», – деп белгиледи Абылгазиев.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Өкмөт башчы кыска мөөнөттө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүүгө тийиштүү бардык маселелерди чечүүнү жана бюджеттик жана демөөрчүлүк каражаттардын максаттуу пайдаланылышын камсыздоону тапшырды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!