​Жээнбеков Тигран Саркисянды кабыл алды

2-Май 2018, Шаршемби, 16:24

Президент Сооронбай Жээнбеков Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисянды кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда президенттик аппараттан кабарлашты.

Алдыда өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин күн тартиби жана ошондой эле интеграциялык биримдиктин мындан аркы өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Жээнбеков өлкөнүн ЕАЭБге интеграция болушу Кыргызстандын тышкы экономикалык саясатында артыкчылыктуу багыт болуп кала берет деп белгиледи.

«Биз үчүн бул биримдиктин мааниси чоң жана Биримдикке кирген өлкөлөр менен жемиштүү кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдарбыз», - деп белгиледи Мамлекет башчысы.

ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян Кыргызстандын президентинин евразиялык интеграция маселелери боюнча активдүү позициясы интеграциялык долбоорду алдыга жылдырууга жана тереңдетүүгө жардам бергенин белгиледи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!