Кара-Сууда 10 үйдү суу каптады

4-Май 2018, Жума, 13:53

4-май күнү саат 04:00 чамасында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айыл аймагынын Октябрь айылында “Коңурат” каналынан суу ашып, болжол менен 10 турак үйдүн короо жайларын каптаган, анын ичинен 1 турак үйдүн жер төлөсүнө, 4 ажатканага суу кирип, анын кесепетинен 2 ажаткана кулап түшкөнүн ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, турак үйдүн жер төлөсүндөгү сууну сордуруу үчүн саат 09:10до ӨКМнин Кара-Суу райондук №25 аскерлештирилген өрткө-каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган.

Учурда каналдын суусу азайтылган, райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүзүүдө. Мындан сырткары ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынан ыкчам топ чыгып кетти.


Эскерте кетсек, ӨКМ тарабынан 1-2-май күндөрү жаан-чачын болуп, дарыялардагы суулардын деңгээли көтөрүлөөрү эскертилген. Ошого карабай, каналдагы суулар токтотулган эмес.

ӨКМ дагы кошумча маалымат берерин билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!