Түлеев КСДПга жооп кайтарды

4-Май 2018, Жума, 14:11

Бүгүн, 4-майда Бишкек шаарынын мурдагы мэри, экс-депутат Нариман Түлеев КСДП тараткан каттагы кол жазма ага таандык эмес экенин социалдык түйүндөгү баракчасына жазып чыкты.

Ал өзүнүн билдирүүсүндө айтылгандай КСДП тараткан каттагы кол жазма аныкы эмес жана бул одоно жасалмаланган.

“Мен катты графологиялык экспертизадан өткөрүүгө даярмын”,- деп жазган Түлеев.

“Ошондой эле азыр өлкөдөн жеке жумуштарым менен чыгып кеттим. Келгенде бул маселелер боюнча маалымат жыйын өткөрөм”, - деп жазуу менен бирге эле ал өзүнүн кол жазмасын жарыялады.

Нариман Түлеевдин кол жазмасы

Эскерте кетсек, КСДП партиясы 4-майда Нариман Түлеев бир нече жолу кат түрүндө кайрылып, Алмазбек Атамбаевден кечирим сураганын билдирген.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!