Жээнбеков Ысык-Көлдүн экологиясын сактоого элди чакырды

4-Май 2018, Жума, 15:08

Бүгүн, 4-майда президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна болгон эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында Ысык-Көл районунун жашоочулары менен жолуккан учурунда Ысык-Көлдүн экологиясын сактоого элди чакыргандыгын президенттик аппараттан билдиришти.

Ал жарандык активисттер жана волонтерлор Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо иштерине активдүү катышып жатканын белгиледи.

“Мен Ысык-Көлүбүзгө аяр мамиле жасоого, экологиясын сактоого өзгөчө көңүл бурууга баарыңыздарды чакырып кетет элем! Ооба, туризм тармагында жергиликтүү эл нанын таап, оокатын кылып жатат. Бирок Ысык-Көл эң оболу бизнес же акча табуунун объектиси эмес, ал биздин жерибиздин баа жеткис бермети экенин унутпашыбыз керек! Ошондуктан, эң биринчи кезекте жергиликтүү эл, андан кийин туристтер – бардыгыбыз Ысык-Көлдүн экологиялык абалына кайдыгер карабай, аны сактоого болгон күч-аракетибизди жумшашыбыз керек!”, - деп белгиледи мамлекет башчысы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!