Юстиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду

4-Май 2018, Жума, 17:32

Башкы прокуратура Юстиция министринин айрым кызмат адамдарына кылмыш-жаза кодексинин 304, 307, 350 - беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, министрликтин кызматкерлери мыйзамды бузуп, Б.З. аттуу жаранга жасалма эмгек китепчесин жасап берген. Мындан тышкары К.У. аттуу жаранга да мыйзамсыз лицензия берилгендиги аныкталып кылмыш иши козголду.

“Айрым жооптуу кызматкерлер Б.З аттуу жаранга жеке нотариустун жардамчысы болуп иштеген деген жасалма эмгек китепчесин жасап беришип, муну менен бирге юридикалык 3 жылдык эмгек тажрыйбасы жок эле жеке нотариустук кызмат көрсөтүүгө лицензия берген” деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда кылмыш ишин иликтөө максатында тергөө органдарына өткөрүлүп берилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!